Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 1
Кара-Коюн айыл аймагынын Орто-Келтебек СПАсынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы №1 токтомун сугат суу пайдалануучуларына карата 1-жылга тариф бекитүү тууралуу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын Орто-Келтебек СПАсына караштуу «Көк-Каптал» участогуна Германия эл аралык кызматташтык коому аркылуу каналды бетондоо жана көпүрө салуу иштери каржыланып жаткандыктан, бул долбоордун өздүк салымы үчүн 591148сом акча каражатын камсыз кылуу максатында бул каналдан суу алып сугат суу пайдалануучуларына карата 1-жылга төмөндөгүдөй тариф бекитилсин;
-1гектар жерге 1-жылга150сомдон бекитилсин.
-Жалпы баасы 413миң 998 сомдук 1 автоунаа, 3 мал өтүүчү, жалпысы 4 көпүрөө Орто-Келтебек СПАсынын бюджетинин эсебинен курууга жумшалсын.
2. Өздүк салым үчүн чогулуучу акча каражатты суу пайдалануучулардан өз убагында чогултуу, долбоорду убагында ишке ашыруу жагы Орто-Келтебек СПА башчысы Ө.Бегалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш. Апысов |