Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 13-10
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалды бекитүү жөнүндө
Ноокат районуна караштуу Н.Исанов атындагы айыл аймагынын жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча «Кыргызмамдолбоор» институнун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарын жана айыл аймагынын жерлерине инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча комиссиянын актысын карап чыгып айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районуна караштуу Н.Исанов атындагы айыл аймагынын жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча « Кыргызмамдолбоор» институнун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарына ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай коммуналык иштер боюнча башкы адиси А. Эсеналиевка, экономист- статист А. Юлдашевка тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |