Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 2
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн имаратына ажааткана (туалет) куруу үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн имаратына ажаткана (туалет) куруу үчүн 71,0 миң (жетимиш бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын м.а. А.Каттабековго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |