Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 6
Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасынын балдар бакчасына ажааткана (туалет) куруу үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Миң-Булак учаскасынын мектепке чейинки балдардын билим жана тарбия алуусуна шарт түзүү үчүн Ак-Сай айылдык кенешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Көк-Таш айылын Миң-Булак участкасындагы балдар имаратына ажаткана (туалет) куруу үчүн 159400 миң (жүз элүү тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын м.а. А.Каттабековго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |