Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 7
Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасынын балдар бакчасына жана мектебине трансформатор орнотуу үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылынын Миң-Булак учаскасындагы башталгыч мектебине жана балдар бакчасын сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Ак-Сай айылдык кенешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасындагы башталгыч мектеп жана балдар бакчасына тарнсформатор орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 206000 миң (эки жүз алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын м.а. А.Каттабековго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |