Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 8
Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасынын балдар бакчасынын айланасын тосуу үчун акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылынын Миң-Булак учаскасындагы балдар бакчасын айланасын тосуу максатында Ак-Сай айылдык кенешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасындагы балдар бакчасына айланасыан тосмо куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 361000 миң (үч жүз алтымыш бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын м.а. А.Каттабековго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |