Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 9
Үч-Дөбө айылындагы каналды оңдоо түзөө иштерин жүргүзүүгө акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Дөбө айылындагы Ак-Татыр каналын оңдоо түзөө иштерин жүрүзүү максатында Ак-Сай айылдык кенешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылындагы Ак-Татыр каналын оңдоо түзөө иштерин жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинен 144.0 миң (бир жүз кырк төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын м.а. А.Каттабековго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |