Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 10
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылына типтүү 225 орундуу мектеп куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында мектеп жашындагы балдардын билим жана тарбия алуусуна шарт түзүп берүү максатында, Ак-Сай айылдык кенешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылына типтүү 225 орундуу мектеп куруу үчүн Алмабак участкасынан 1,50га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, агроонор жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |