Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 11
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылына типтүү балдар бакчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында мектеп жашына чейинки балдардын билим жана тарбия алуусуна шарт түзүп берүү максатында, Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылына типтүү балдар бакчасын куруу үчүн Алмабак участкасынан 0,24га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, агроонор жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |