Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 12
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга таштанды таштоо үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылындарда санитардык абалды жакшыртуу максатында, Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай, Уч-Дөбө Көк-Таш айылдарына жана Миң-Булак участкасына таштанды таштоочу жай үчүн 0,15гадан жер участоктору бөлүнүп берилсин.
2. Керектүү болгон иш кагаздарды даярдоо жагы Баткен районунун архитектура жана шаар-куруу башкармасынын жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткаргууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, агроонор жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |