Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 7- чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 10-марты № 1
Кабак-Дөңүндөгү жаңы участка алган атуулдар жашай турган айылга ат коюу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V1I- чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы, Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Кабак-Дөңүндөгү жаңы участка алган атуулдар жашай турган айыл “Ынтымак” айылы деп аталсын.
2. “Ынтымак” айылындагы көчөлөрдү Ынтымак айылындагы “№ 1”, Ынтымак айылындагы “№ 2” көчө деп атоо жагы белгиленсин.
3. Тиешелүү документтерин тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Саркуловго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Чалыбаев |