Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 7- чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 10-марты № 2
Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү малдарды идентификациялоо жана учет жүргүзүүдөгү регистратор менен түзүлгөн келишим жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V1I- чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы, Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү малдарды идентификациялоодо вилкага 40 сом, акысы үчүн 30 сом болсун жана малдарды идентификациялоодо учет жүргүзүүчү регистратор менен келишим бекитилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин karasuu.biz.kg дарегине расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комиссиянын төрагасы А.Анарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Чалыбаев |