Загрузка документа…
А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 2
Алля Анаров айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1-2-3 группаларын киргизүү жөнүндө
А. Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1-2-3 группалары киргизилсин.
2. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерден аймактык салык коэффиценти 1.2 болуп бекитилсин.
3. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы чыгындыларды ташуу үчүн салык: тургундарга 50 (элүү) сомдон ал эми ишкана мекемелерге 100 (жүз) сомдон болуп белгиленсин.
4. Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү жер салыгынын жана мүлк салыгынын эсептөө жана өкмөттүн бюджетине түшүрүү айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Жер салыгы боюнча базалык ставкалар төмөндөгүчө белгиленсин
Суугат айдоо үчүн Пахта-Добо айылы үчүн 537 сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 289 сом
Суугат айдоо үчүн Маданият айылы үчүн 595 сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 289 сом
Суугат айдоо үчүн Аччы айылы үчүн 537 сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 289 сом
Суугат айдоо үчүн Жаңы-Араван айылы үчүн 485 сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 485 сом
Жайыт жерлерге бардык айылдарга 12,7 сомдон.
6. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жана айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдетттендирилсин.
Төрага | Р. Худайбердиев |