Загрузка документа…
А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 5
Алля Анаров айылдык кеңешине материалдык жардам сурап арыз жазган, айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыздарын карап чыгуу жөнүндө
А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айылдык кеңешине материалдык жардам сурап арыз жазган айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыздары канаттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн тургундарына материалдык жардам турмуш шартына карап 1000 сомдон 3000 миң сомго чейин деп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис М.Токтосуновго, Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Худайбердиев |