Загрузка документа…
А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 8
Алля Анаров айыл аймагындагы элдердин карамагындагы тубар уйлардын жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-январь 2016-жылдагы, Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарындагы тубар уйларды жасалма жол менен уруктандыруу жана айылдык товар өндүрүчүүлөрдү жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу максатындагы №28-б буйругун жетекчиликке алып айылдык кеңештин регламентине ылайык А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигиндеги Пилоттук айыл чарба тизмесине кирип, калкты социалдык жактан колдоо максатында тубар уйларды асыл тукумуруктар менен камсыз кылууга кеткен 22200 сом акчаны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Селекциялык Асыл Тукум мекемесине айыл өкмөтүнүн бюджетинен которулуп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигинин Мамлекеттик Селекциялык борборунун 2016-жылдын 29-январь айындагы №2 буйругунун негизинде пилоттук айыл аймактарындагы тубар уйларды жасалма жол менен уруктандырууну жүргүзүү үчүн бериле турган уруктук материалдардын наркы 1 дозасы 100 сомдон суюк азоттун 1 литри 70 сомдон белгиленип Асыл тукум селекциялык борборуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен жыл ичинде которулуп турулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Худайбердиев |