Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 3-марты № 4/3
Кара-Бүргɵн айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жɵнүндɵ финансы-экономика иштери боюнча жетектɵɵчү адис Н.Бакасованын отчету жана 2017-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жɵнүндɵ
2016-жылы Кара-Бүргөн айыл өкмөтү боюнча жергиликтүү бюджет 5533,3 сомго бекитилген. Жыйынтыгында 5402,5 сомго аткарылган.
Жергиликтүү салыктын планы 976500 сом болсо, аткарылышы 1320,1 млн сомду түзөт.
Бөлүнгөн лимиттер, статьялар боюнча өзүнүн максаты менен жумшалып, эч кандай ооштуруп же ашык чыгымдоолор болгон эмес. Бюджеттеги чыгымдарды башка максаттарга пайдалануу болгон эмес. Отчет, учет иштери өз убагында берилип турган.
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика иштери боюнча жетектɵɵчү адиси Н.Бакасованын отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
Төрайым | Г.К. Каналиева |