Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 19- сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 2
1-январь 2016-жылга карата калган калдыкты иштетүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде калган калдыктар боюнча айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын сунуш катын угуп, талкулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджет эсебинен калган 641,2 миң сомдук калдык төмөнкү зарыл чыгымдар үчүн сарпталсын:
· Жаңы-Ачы айылындагы З.Жамашев атындагы орто мектебинин спорт залынын курулушу үчүн 265,2 миң сом;
· Сугат суу ички каналдарды казып тазалоо үчүн 50,0 миң сом;
· Кызыл-Сеңир айылындагы “Достук” балдар бакчасына ажааткана куруу үчүн 110,0 миң сом;
· Таштак айылына көчө жарыктандыргычтарын алуу үчүн 110,0 миң сом;
· Мундуз айылындагы ПОМдун имаратынын курулушунун марафонуна 110,0 миң сом;
· Алмалуу-Булак айылында жашап өткөн атактуу инсандарга эстелик жасоо үчүн 50,0 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |