Редакцияот 26.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин 6-чакырылышынын 4- сессиясы

 

2017-жылдын 26-апрели № 20

Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 31-мартындагы №02-1/104 буйругун бекитүү жөнүндө

Финансы Министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 71 Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 31-мартындагы №02-1/104 буйругун бекитүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик Кодексинин 55-беренесине ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 31-мартындагы №02-1/104 буйругу бекитилсин

2. Бекитилген буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы Финансы Министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго жүктөлсүн

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Азизбеков