Редакцияот 24.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы

 

2017-жылдын 24-февралы № 4/3

Баш-Кайыңды айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин кайрылуусу жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Кайыңды айылындагы вет.сервистер сунуштаган прейскурантты бекитилсин.

2. Баш-Кайыңды айылындагы майда жандыкты (кой, эчкилерди) ваннага салуу вет.сервистин кызматкери Жумакунов Токтомамбетке бекитилсин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

А. Бокоев