Редакцияот 17.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

 

2016-жылдын 17-августу № 22

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти ,Ош облустук юстиция башкармалыгы менен жана Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп алуу жөнүндө түзүлгөн келишимдердикарап талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти ,Ош облустук юстиция башкармалыгы менен жана Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жалпак-Таш айыл окмөтунүн ортосунда түзүлгөн келишимдерди бекитүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдери бекитилсин.

2. Токтомдун жана келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө регламент ,мыйзамдуулук , укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Суранов