Редакцияот 01.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышын XIX заседаниеси

 

2011- жылдын 1-апрели №19/17

Жошолу айыл округунун Миязды-Жаны-Турмуш ички чарбалык сугат каналын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн ОКМден сурануу жѳнүндѳ

Жошолу айыл округунун Миязды- Жаны- Турмуш ички чарбалык сугат каналын 2010-жылдагы катуу жаандан сел алып жараксыз абалга келтиргенди боюнча айыл башчы Н. Кыдыровдун жана айылдык Кеӊештин депутаты Б. Умидиновдун билдирүүсүн эске алып, Миязды–Жаны-Турмуш ички чарбалык каналын ремонттон ѳткѳрүү максатында Жошолу айылдык кеӊешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл округунун Миязды – Жаны - Турмуш ички чарбалык каналын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМнен суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеӊештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеӊештин

тѳрагасы

 

К. Алдашев