Редакцияот 16.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ынтымак айылдык Кеңешинин (4–чакырылышы) кезектеги XVIII–сессиясы

 

2011–жылдын 16-апрели № 18/6

Ынтымак айыл округунун бюджетинин 2010–жылдан калган калдыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1998–жылдын 11-июнундагы “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 11–статьясына негиз 2010-жылдан калган калдыктын эсебинен 2011–жылкы айылдык бюджеттен каржылоо максатында депутаттардын Ынтымак айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айыл округунун 2010–жылдан калган 13,6 миң сом калган калдыгы 2011–жылга № 1–тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүсү белгиленсин.

2. Акча каражаттарды мыйзам чегинде каржылоолорду жүргүзүү жагы Ынтымак айыл Өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Заидовко милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык округунун кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ынтымак айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

М.Усонов.