Редакцияот 07.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 27- чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы

 

2017-жылдын 7-июну № 01-05/37

Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 2014-жылдын 31-октябрындагы кезектеги XXII сессиясында кабыл алган «Аймакта кеңири тараган басылмада токтомдорду расмий жарыялоо жөнүндө» № 01-05/121 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 2014-жылдын 31-октябрындагы кезектеги XXII сессиясында кабыл алган «Аймакта кеңири тараган басылмада токтомдорду расмий жарыялоо жөнүндө» № 01-05/121 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

-1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин.

Областтын, райондун аймагында кеңири тараган басылма деп «Акыйкат» жана «Ноокен жаңырыгы» коомдук-саясий газеталары аныкталсын.

-2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин.

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдору, «Акыйкат» жана «Ноокен жаңырыгы» коомдук-саясий газеталарына, Кочкор-Ата мэриясынын www.kochkorata.kg расмий сайтына жарыялоого берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төраганын орун басары

Я.Т. Абдурахманов