Редакцияот 08.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы

 

2016-жылдын 8-апрели № 24/1

Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы А.Рахманкуловдун жазган арызын кароо жөнүндө

Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы А.Рахманкуловдун ээлеген Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы кызматынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз ыхтыяры менен токтотууга уруксат берүү жөнүндө жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы А.Рахманкуловдун ээлеген Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы кызматынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз ыхтыяры менен токтотууга уруксат берүү жөнүндө жазган арызы канааттандырылсын. (Арыз тиркелет)

2. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганы орун басары

Ж. Якубжанов