Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 4/1
Балыкчы шаарындагы № 8 “Ак –Тилек” бала бакчасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин токтому менен бекитилип берилген типтүү жобонун негизинде, мектепке чейинки балдарга тиешелүү тарбия берүү жана кам көрүү, балдардын жекече өз алдынча чыгармачылык өсүшүн камсыздоо максатында “Ак Тилек” бала бакчасынын Уставын карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 8 “Ак-Тилек” бала бакчасынын Уставы бекитилсин. (тиркеме №1)
2. Балыкчы шаарындагы “Ак-Тилек” бала бакчасы Сон-Көл к/р 16 дареги менен.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бардык финансалык чыгымдарын тиешелүү деңгээлде карап, камсыздоо жагы Балыкчы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтом “Балыкчы” газетасына жана интернет сайттарына жарыялансын.
5. № 8 “ Ак-Тилек” бала бакчасынын бекитилген Уставы Ысык-Көл облусттук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
7. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө жана шаардык Кеңештин башкы адиси К. Орузбаевага тапшырылсын.
Төрага | К.Р. Сартбаев |
«Макулдашылды» Балыкчы шаардык мэриясы “______”__________2017-жыл
| «Бекитилди» Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясынын №4/1 токтому “______”_____________2017-жыл |
“Макулдашылды”
Балыкчы шаардык
Билим берүү бөлүмү
“______»________ 2017-жыл
№8 «Ак-Тилек » бала бакчасы
Балыкчы шаары
Сон-Көл кичи району 16
Жалпы жоболор
1.1 Мектепке чейинки мекеме, аталуучу №8 “Ак-Тилек” бала бакчасы мындан ары Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.11.2012-жылдагы №765 токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө” типтүү жобо жана Кыргыз Республикасынын укуктук актыларына ылайыкталып түзүлөт.
- №8 “Ак-Тилек” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин уюштуруучусу
Балыкчы шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясы болуп саналат.
1.2 Мектепке чейинки №8“ Ак-Тилек” бала бакчасынын юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы,
Ысык-Көл областы,
Балыкчы шаары,