Редакцияот 29.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 29-августу № 01-05/279

Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановдун Кочкор-Ата шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында шаарда жайгашкан соода-түйүн, компьютердик клубдардын, кафе-ресторандардын, той-тамаша , оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектеп берүү жөнүндө суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановдун кайрылуусу эске алынсын..

2. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан соода-түйүн, компьютердик клубдардын, кафе-ресторандардын, той-тамаша , оюн-зоок өтүүчү жайлардын иштөө убактысы түнкү 23:00 гө чейин чектелсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык , билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын м.а.

Ж. Токтосунов