Редакцияот 29.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 29-августу № 01-05/285

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн башчысынын кайрылуусу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсү Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имаратында жайгашкандыгына байланыштуу, кызматтык кааналарын ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүүнү сураган кайрылуусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Ремонттоо үчүн керектелүүчү 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты 2016-жылдын башынан калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын м.а.

Ж. Токтосунов