Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-апрели № 6
Кара-Суу айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кара-Суу айыл айылдык Кенешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтируу максатында айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык бекитилсин.
2. «Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы К.Иманкуловго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | К. Иманкулов |
| «БЕКИТИЛДИ» Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2013 –жылдын 16-апрелиндеги № 4 Токтому менен |
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин
РЕГЛАМЕНТИ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2013 -жылдын 15-январындагы № 5-1 токтому менен бекитилген
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин
РЕГЛАМЕНТИ
Жалпы Жобо
Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары
Айылдык Кеңештин сессиясы
Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
Айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары