Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 8
Масы айыл аймагындагы муниципалдык бала бакчаларына балдарды кабыл алууну сайт аркылуу электрондук кезекке коюу менен, ачык жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө
Масы айыл аймагында муниципалдык балдар бакчасында балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Масы айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы муниципалдык балдар бала бакчаларына балдарды кабыл алууну сайт аркылуу электрондук кезекке коюу менен, ачык жүргүзүүнүн эрежелери бекитилсин. № 1 –тиркеме тиркелет.
2. Ушул токтом менен бекитилген эрежелер Масы айыл аймагындгы баардык муниципалдык балдар бакчасында милдетүү түрдө аткарууга алынсын.
3. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго тапшырамын.
Төрага | С. Арзиев |
| Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын «07» май № 8- токтому менен бекитилди |
Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы муниципалдык балдар бала бакчаларына балдарды кабыл алууну сайт аркылуу электрондук кезекке кою менен, ачык жүргүзүү эрежелери
Бул эреже Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” № 101-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” № 198-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Электрондук кезекти түзүү жөнүндө” 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 904/1-буйругунун, Кыргыз Республикасынын коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иш-чараларынын негизинде жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.
Жободо белгиленген талаптар кыргыз тилинде 14 өлчөмдөгү Times New Roman шрифти менен жүргүзүлөт.
I. Эреженин колдонуу тармагы жана принциптери.
1. Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы Балдар бакчалары Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” № 198-мыйзамынын, Кыргыз Респубикасынын Өкмөтү бекитүүчү “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо” мамлекеттик билим берүү стандарты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765-токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө Типтүү Жобого” ылайык жана балдардын бала бакчаларынын Уставынын негизинде өзүнүн милдеттерин аткарат.
2. Балдардын бала бакчаларын түздөн түз жетекчиликти жана аны башкаруунун башчылары (директор) ишке ашыргандыктан балдарды Уставда белгиленген тартипте аларды кабыл алууну уюштурат жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылат.
II. Арыздарды кабыл алууну жүргүзүү.
3. Балдардын бала бакчаларынын башчылары (директор) ата-энелерден арыздарды кабыл алуунун тартиби:
-балдардын бала бакчаларынын башчылары (директор) ата-энелерге жеткиликтүү жайга балдарды кабыл алууга тийиштүү болгон документтердин тизмесин жайгаштырат, тийиштүү документтердин тизмеси айыл өкмөтүнүн маалымат тактасына жана балдар бакчасынын сайтына дагы жайгаштырылат жана кайрылган ата-энелерге жазуу түрүндө көчүрмөсүн берет.
- бала-бакчаларында ата-энелердин арыздарын каттоо үчүн атайын номерленген жана тигилген журнал ачылыш керек, журналда арыздын катар номери, арыздын мазмуну, берген күнү, айы, жылы, убактысы, ата-энелердин жашаган дареги, байланыш телефону, тапшырылган документтердин аттары № 1 тиркемег ылайык толтуруу жүргүзүлөт.
№1 тиркеме
№ | Арыз ээси | Арыздын мазмууну | Тапшырган күнү, айы, жылы, убактысы | Ата-эненин жашаган дареги, байланыш телефону | Балдар бакчасына кабыл алынуучу бала же кыздын жашы, жана башкы документтери | эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
Арыздар жазуу түрүндө гана кабыл алынат.
Арыз журналга катталгандыгы жөнүндө № 2 тиркемеге ылайык жазуу түрүндө ата-энелерге маалымат берилет.
Балдардын бала бакчасынын башчысы (директор) № 2-тиркемеге ылайык маалыматтарды компьютерге арыз түшкөн күнү киргизет жана сайтка жайгаштырылат.