Редакцияот 01.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 1-ноябры № 11

Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 9 айында көрсөткүчтөрү жана милдеттери жөнүндө

 15-июль 2011-ж. №101-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIIсессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Абдалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

С. Арзиев