Редакцияот 11.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXI заседаниесинин

 

2011-жылдын 11-августу №21/3

Жошолу айылдык округуна караштуу Уч-Чат айылында жайгашкан китепканага тарыхый инчан Алай ханышасы Курманжан датка ысмын берүү жөнүндө

 

Жошолу  айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XXI заседаниеси

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жошолу айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын корутундусунун, Жошолу айылдык округуна караштуу Уч-Чат,  Орто-Суу, Осоавиахим, Аюу-Тапан айылдарынын элдик жыйындарында түзүлгөн № 1 протоколдорунун жана Жошолу айылдык  округунун башчысынын сунушунун негизинде айылдык округа караштуу Уч-Чат айылында жайгашкан № 10 китепканага тарыхый инсан  Алай ханышасы Курманжан датканын ысмын берүү жагы сунушталсын.

2. Бул токтомду колдоп берүү жагы Алай райондук мамлекеттик  администрациясынан жана  райондук Кеңештен  суралсын.

3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жошолу айылдык округунун башчысы  К.Торошевге  милдеттендирилсин.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Алдашев