ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXII заседаниесинин
2011-жылдын 25 августу № 22/1
Жошолу айылдык округунун 2011-2013-жылдарга иштеп чыккан жергиликтүү стратегиялык өнүгүү планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округунун 2011-2013-жылдарга иштеп чыккан жергиликтүү стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун сунуш кылган долбоору бекитилсин.
2. Жошолу айылдык округун 2011-2013-жылдарга иштелип чыккан стратегиялык өнүгүү планын аткаруу Жошолу айылдык округундагы бардык мекеме жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айылдык округунун башчысы К.Торошевге тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |