Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-ноябры № 27/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттары тарабынын аткарылган иштер жөнүндө маалымат
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттары тарабынан 2012- 2016-жылдар ичинде 26 жолу сессия өткөрүлдү, анын ичинен 2 кезексиз сессия өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн сессиялардын отурумдарында 154 маселе каралды, анын ичинен 63 бекитилген иш планына ылайык маселе, 91 ар түрдүү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2012-жылдын 28-декабрында I уюштуруу сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктарын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) Регламентин бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин V чакырылышынын төрагасын шайлоо, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) төрагасынын орун басарларын шайлоо, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) структурасын бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) II сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2013-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) III сессиясынын отурумунда Өзгөн шаарынын 2012-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга карата шаардын бюджетин бекитүү, Өзгөн шаарынын мэри П.Мавляновдун Өзгөн шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы жана 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы менен 2013-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү, убактылуу пайдалануу үчүн алган жерлердин ижара акысын эсептөө үчүн жаңы коэффиценттерди бекитүү, Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффиценттерди бекитүү, муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) IV сессиясынын отурумунда Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзгөн иштери, МММБ департаментинин жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) V сессиясынын отурумунда «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасынын 2012-жылда шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзгөн иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин токтомдорунун жана депутаттар тарабынан берилген сын-сунуштар, талаптардын аткарылышы, “Көрнөк-жарнактарды орнотуу эрежелери” жөнүндөгү жобону бекитүү, Өзгөн шаарынын муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директору кызмат ордуна шаар мэриясынын сунушун бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) VI сессиясынын отурумунда “Өзгөн таза суу” муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2012-жыл ичинде жүргүзгөн иштери, Өзгөн шаарынын “Н.Азнабакиев” атындагы балдар эс алуу багынын элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) VII сессиянын отурумунда ачык сессияларды өткөрүү боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин жобосун бекитүү, Өзгөн шаарынын “Жаңы-Хаят” участкасындагы 9,0 га жерди муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү, Өзгөн шаарынын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен каржылоого макулдук берүү, Өзгөн шаарынын “Жаңы-Хаят”участкасында АРИСтин колдоосу менен курулуучу ФАП үчүн “Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун” курамын түзүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдурахманов Хатамжан Омаралиевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын өз мөөнөтүнөн мурда токтотуу, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын шаардын шайлоочууларын кабыл алуу графигин түзүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) VIII сессиясынын отурумунда Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаарынын мэри П. Мавляновдун 2013-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу отчету, жергиликтүү бюджеттин 2013-жылдын 6 айындагы аткарылышынын боюнча Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М.Розахуновдун отчету жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) IX сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептерде жана балдар бакчаларында сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүсү, 2013-2014-жылдарга күз-кыш мезгилине карата жылытуу иштерин жүргүзүлүшү, Өзгөн райондук паспорт виза бөлүмүнүн шаардын калкын тейлеп, кызмат көрсөтүүдө жүргүзүп жаткан иштери, шаардагы билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп жана балдар бакчаларындагы негизги каражаттар жана инвентарларды эсептен чыгарууга (списания) макулдук берүү, “Жүзүмзар” кварталындагы мечит куруу үчүн калтырылган муниципалдык жердин ордун алмаштыруу, “Тамеки” айыл чарба кооперативине караштуу спорт комплексин муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын турган имаратын учурдагы оңдоо үчүн каражат берүү, шаардагы 17 аялдамалардын документтерин даярдоого каражат бөлүү, мектептерге кошумча компьютерлер сатып алып берүү, Тешебаев Хусанбайдын депутаттык мандатын бекитүү, Өзгөн шаардык дин боюнча коомдук комиссиянын жобосун бекитүү, “Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата акчалай сыйлоо”, МММБ департаментине кошумча каражат бөлүү, кызматкерлерге компьютердик зыяндуулук үчүн кошумча каражат бөлүү, мүлк жана жер салыгын киргизүү, Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги 8 сессиясынын отурумунда депутаттар тарабынан айтылган суроо-талаптарынын аткарылышы боюнча маалымат, стоянка ачуу, жолдорду асфальтоо, соттун турган жерин балдар бакчасына берүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) X сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн шаардагы кылмыштуулуктун алдын алуудагы, коомдук тартипти сактоодогу жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндөгү отчету, мүлк жана жер салыгын киргизүү, Өзгөн аймактык ооруканасына кошумча септик куруу үчүн каражат бөлүп берүү, Өзгөн шаарындагы сырткы жарнак, маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалуу эрежелери боюнча жобону бекитүү, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошумча каражат бөлүү, шаардык каржы бөлүмүнө 1С казна программасын киргизүү үчүн каражат бөлүп берүү, “Жаңы-Өзгөн” кварталдык комитетине столба жана зым сатып алуу үчүн каражат берүү, шаардагы көрүстөндөрдү муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XI сессиясында Өзгөн шаарынын вице-мэрлеринин жана МММБ департаментинин 2013-жылда аткарган иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2014-жылга иш планын бекитүү, Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Курбановдун мандатын бекитүү маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XII сессиясында Өзгөн шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга шаардын бюджетин бекитүү, Өзгөн шаарынын 2014-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XIII сессиясында «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасынын 2013-жылы шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзгөн иштери, Сыдык Маматов атындагы балдардын музыкалык мектебинин окуучуларга татыктуу билим берүүдө жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаарындагы бюджеттик мекемелердин сметасына тактоо киргизүү, Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаарынын Ильичевск көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Иминов Абдураимдин ысымын ыйгаруу, «Өзгөн Таза-Суу» МИ шаардын элин таза суу менен камсыздоодо жүргүзүп жаткан иштерин текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын курамын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын шаардагы санитардык-эпидиомологиялык абалды, коомго жат көрүнүштөрдү көзөмөлдөө боюнча элден түшүп жаткан арыз-даттануулардын негизиндеги сунуштарын эске алуу маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XIV сессиясында шаардын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү, коомдук өз алдынча башкаруулардын (ТОСтордун) аймагынын чек араларын бекитүү, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М.Розахуновдун отчету, Япон элчилигинин гранттык долбоорунун негизинде бюджеттин киреше бөлүгүнө тактоо киргизүү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2014-жылдын 6 айындагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү, «Өзгөн Таза-Суу» МИ шаардын элин таза суу менен камсыздоодо жүргүзүп жаткан иштерин депутаттык комиссия тарабынан текшерүү, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун дайындоого макулдук берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары Х.Тешебаевдин, А.Шарабидиновдун, Ю.Тиллабаевдин депутаттак ыйгарым укуктарын өз мөөнөтүнөн мурда токтотуу, таксилердин шаар аймагындагы жол кире акысы жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XV ачык сессиясы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин жыйындар залында өткөрүлдү. Ачык сессияга бардыгы болуп 187 киши катышты, анын ичинен шаардагы кварталдык комитеттердин өкүлдөрү 124 адам. XV ачык сессияда Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери, Өзгөн шаарынын “Жаңы Өзгөн” кварталындагы Дружба народов көчөсүнүн атын өзгөртүп маркум А. Чолуковдун ысымын ыйгаруу, Өзгөн шаарынын Жаны –Хаят кварталындагы аты жок көчөсүнө маркум К.Хурматовдун ысымын ыйгаруу, Сауд Аравиясынын жарааны Доктор Шейх Мухаммад Саид Мухаммад Хасан Ал-Бухарийге жана Өзгөн районун тургуну Э.Касымалиевге «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу, «Өзгөн-Тазалык» МИ уставын бекитүү, «Өзгөн Таза-Суу» МИ уставын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү, Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффицентти бекитүү, Өзгөн /й-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кургак учукка каршы поликликасынын имаратынын чатырын жабууга каражат берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылда түзгөн иш-планына өзгөртүү киргизүү маселелери каралып тийиштүү токтомдор чыкты. Шаардык кеңештин токтомдору «Өзгөн нуру» газетасы аркылуу жарыя кылынып барылды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XVI сессиясында Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептен сырткары балдар менен иштөө мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын жыл ичинде жүргүзгөн иши, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү, Өзгөн шаар мэриясына соцфондко чегерүүгө каражат бөлүү, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин сапардык чыгымдарына кошумча каражат бөлүү, суу төлөмдөрүнө болгон тарифти көтөрүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XIX сессиясында «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2015-жылда жүргүзүп жаткан иштери, “Н.Азнабакиев” атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарынын жана балдардын эс алуусуна шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Купахунов Розувай Сулаймановичтин депутаттык мандатын бекитүү, Өзгөн шаарындагы /ч-Дөбө көчөсүнүн наамын өзгөртүп Советтер Союзунун баатыры генерал-майор И.В.Панфиловдун ысымын ыйгаруу, “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасына “Samsung” үлгүсүндөгү экскаватор сатып алуу үчүн банктан кредит алууга макулдук берүү, “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XX ачык сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2014-жылда жана 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери, ПГИБО боюнча аткарылган иштерге баа берүү, Өзгөн шаарынын “Аймактык муниципалдык башкаруу” жобосунун жана “Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу боюнча” жобонун долбоорун бекитүү, шаардагы муниципалдык менчиктеги бош жер тилкелерин тоорукка коюу үчүн менчиктештирүү программасын бекитип берүү, Өзгөн шаар мэриясына, Өзгөн шаардык кеңешине, МММБ департаментине бюджеттин 2015-жылдын 6 айында ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен кошумча каржылоого макулдук берүү, Өзгөн райондук прокуратурасынын 2015-жылдын 16-июнундагы №11-1064-15 каршылык билдирүү каты, Өзгөн шаар мэриясынын алдында түзүлүүчү “Ишкердүүлүк жана сооданы колдоо борборунун концепциясынын” долбоору жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2015-жылдын 18-августундагы XXI сессиясында «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, «Ай-Мээрим» балдар бакчасын реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорго жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоого макулдук берүү, Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон шаар мэриясынын кызматкерлерине 1 айлык эмгек акы өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүүгө бюджеттин 2015-жылдын 9 айында ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен кошумча каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралып тийиштүү токтомдор чыкты. Шаардык кеңештин токтомдору «Өзгөн нуру» газетасы аркылуу жарыя кылынып барылды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XXII сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын шаардын калкын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылга карата иш-планын бекитүү, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Өзгөн шаарында өткөрүлгөн аудитинин жыйынтыгын кароо, Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын 2016-жылга эсептөө үчүн зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып, токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXIII сессиясынын отурумунда Өзгөн шаар мэринин 2015-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету, Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү, Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоору, Өзгөн шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кочкаров Кутлугбек Кабулжановичтин мандатын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө токтомун бекитүү, Өзгөн шаарындагы бош жер тилкелеринин аренда акысынын коэффицентине өзгөртүү киргизүү, Жаңы-Өзгөн кварталына ПРООНдун колдоосу менен жаңы КТП курууга каражат бөлүү, мурдагы “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын базасында муниципалдык базар ачуу, “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндөгү жобону бекитүү маселелери каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 4-июнундагы кезектеги XXIV сессиясында “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2016-жылда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, А.Навои көчөсүндөгү 312м2 жерди муниципалдык мүлктөн чыгарып берүү, №2 “Таштак” үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун балансына өткөрүп берүү, Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын аймагына балдар аянтчасын курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 10-июнундагы XXV кезексиз сессиясынын отурумунда 2016-жылды 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында “АКIpress-Ош» маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференциясында айтылган факттарды текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндөгү маселе каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 15-сентябрындагы XXVI cессиясынын отурумунда Өзгөн шаар мэринин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык бюджетинин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2015-жылда жана 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарындагы “Икрам” жана “Алмаз” ветсервистеринин шаардагы мал жандыктарды тейлөө үчүн кызмат акысын бекитип берүү, Өзгөн райондук статистика бөлүмү Өзгөн шаар мэриясына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу эки тараптуу келишимди бекитип берүү, канализациядан аккан саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жана жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү, “Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарда социалдык экономикалык өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык программасына” толуктоо киргизүү, титулдук тизмеге кошумча, өзгөртүү киргизүү жана кошумча аткарыла турган иштерге бюджеттин 2016-жылдын 6 айынын ашыкча аткарылышынын эсебинен каражат бөлүү, Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын 2016-жылга карата бекитилген атайын каражаттар сметасына кошумча акча каражатын карап берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин жетектөөчү адиси Д. Турдахуновтун эмгек акысына кошумча каражат бөлүү, МММБ департаментинин сметасынан 810,9 миң сомду Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын өздүк эсебине жылдырып берүү, Өзгөн шаарынын 6 көчөсүнүн кесилиштерине орнотулган видео күзөт жабдыктарын Өзгөн РИИБнө өткөрүп берүүгө макулдук берүү, 2016-жылдын 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында “AKIpress-Ош” маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференцияда айтылган факттарды текшерип чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынып токтомдор “Өзгөн Нуру” гезитине жана 2015-жылдын декабрь айынан баштап “uzgen.org.kg” сайтына жарыяланып Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөрүлүп келүүдө.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын 2012-2016-жылдарда өткөн сессияларга катышуусу боюнча маалымат
№ |
Ф.А.Ж. |
Жалпы сессиянын саны | Анын ичинен
|
Эскертме | |
Катышканы | Катышпаганы | ||||
1 | Абдурахманов Хатамжон Номанджанович | 26 | 25 | 1 | Себептүү |
2 | Дехканбаева Малохатхон Хошимовна | 26 | 25 | 1 | Себептүү |
3 | Джусупов Сатарбай Сайпиевич | 26 | 22 | 4 | 3 себептүү |
4 | Мусаев Ойбек Анварбекович | 11 | 10 | 1 | Себептүү |
5 | Ходжахунова Айсулу Бекботоевна | 26 | 25 | 1 | себепсиз |
6 | Насиров Абдулфаттах Абдулхафизович | 26 | 26 | - | - |
7 | Исмаилов Турсунбай Жороваевич | 26 | 23 | 3 | 2 себептүү |
8 | Турдиев Шухратбек Хабибуллаевич | 11 | 11 | - | - |
9 | Абдукаймов Анварбек Абдукаймович | 26 | 21 | 5 | 1 себептүү |
10 | Маткабылов Абдушукур Сатвалдыевич | 26 | 24 | 2 | Себептүү |
11 | Кахаров Алишер Абдулхалилович | 26 | 25 | 1 | Себептүү |
12 | Хасанов Арсланбек Мрахварович | 26 | 26 | - | - |
13 | Мамасадыков Алайбек | 26 | 19 | 7 | 4 себептүү |
14 | Бахридинов Нейматилла Джамалдинович | 26 | 22 | 4 | 2 себептүү |
15 | Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович | 26 | 26 | - | - |
16 | Нишанбаев Махамадамин Юлдашбаевич | 26 | 24 | 2 | 1 себептүү |
17 | Курбанов Негмат Баширахунович | 17 | 16 | 1 | себепсиз |
18 | Халматов Мухтаржан Маматжанович | 26 | 24 | 2 | себепсиз |
19 | Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович | 26 | 12 | 14 | 4 себептүү |
20 | Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич | 26 | 24 | 2 | себепсиз |
21 | Купахунов Розувай Сулайманович | 9 | 8 | 1 | Себепсиз |
22 | Жолдошалиев Абдырахман Тобакалович | 26 | 21 | 5 | 2 себептүү |
23 | Кочкаров Кутлугбек Кабулжанович | 4 | - | 4 | Себептүү |
24 | Абдыкапарова Эльмира | 26 | 22 | 4 | 2 себептүү |
25 | Мамазайитов Арапжан Жомолдинович | 26 | 18 | 8 | себепсиз |
26 | Юлдашев Азамжан Нугманович | 26 | 25 | 1 | себепсиз |
27 | Шамиева Бурал Насировна | 26 | 24 | 2 | 1 себертүү |
28 | Абакджанова Дилрабо Махаматрасуловна | 26 | 23 | 3 | 1 себертүү |
29 | Эшназарова Бактыкан Каамиловна | 26 | 18 | 8 | 2 себептүү |
30 | Накыев Сейитбек Талайбекович | 13 | 9 | 4 | себепсиз |
31 | Ибрагимов Авазбек Джумабекович | 9 | 6 | 2 | себепсиз |
32 | Шаробидинов Абзалидин | 15 | 15 | - | - |
33 | Тиллабаев Юлдошбай Кочкорович | 15 | 14 | 1 | Себепсиз |
34 | Нишанбаев Эсантой Абдуллажанович | 16 | 13 | 3 | Себепсиз |
35 | Пратов Саипжон Махаматкабылович | 22 | 16 | 6 | 3 себептүү |
36 | Негматов Умарилло Садикжанович | 17 | 15 | 2 | 2 себептүү |
37 | Каримов Нодирбек Тохтасинович | 14 | 12 | 2 | Себептүү |
38 | Тешебаев Хусанбай Гулямович | 14 | 11 | 3 | себепсиз |
39 | Абдырахманов Хатамжан Омаралиевич | 6 | 6 | - | - |