Редакцияот 19.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

2015-жылдын 19-августу № 8                                                                                                  

                                                              

«МТФ кɵчɵсүнүн атын кайрадан атоо» жɵнүндɵ

            Шекер айылындагы МТФ кɵчɵсүнүн атын ɵзгɵртүп , «Жумабаев Кубандын» атына ооштуруу жɵнүндɵгү  11-август 2015-ж. арызын карап, Жумабаев Кубандын биринчилерден болуп ээн талаага отурукташканын жана жолдорду оңдоп, айылдын инфраструктурасын  ɵнүктүрүүгɵ кошкон салымын эске алып, Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    МТФ кɵчɵсүнүн аты «Жумабаев Кубан» атындагы кɵчɵ болуп аталсын.

2.    Кара-Буура райондук мамлекеттик   кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо башкармалыгына  жана райархитектурага  сунушталсын.

3.    Токтомду аткаруу жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы С.С.Калыбековго милдеттендирилсин.

 

 

Тɵрага

С.К. Жунусов