Редакцияот 15.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2015-жылдын 15-сентябры № 3            

                                                                      

                                                           “ФПСтин жерлерин аныктоо үчүн комиссия түзүү” жѳнүндѳ

            Шекер айылдык аймагындагы ФПСтин жерлерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүү максатында Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1. 2014-жылдагы ФПСтин жерлеринин ижара акысынын түшпѳй калышынын себебин аныктоо үчүн тѳмѳнкү курамда комиссия түзүлсүн:

         - Комиссиянын тѳрагасы – Джумашалиев Э.Э.-жер маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы;

Мүчѳлѳрү:

         -Эшенкулов Р.Б.-социалдык маселелер боюнча комиссиянын тѳрагасы;

        -Турусбеков Б.А.-айылдык Кеңештин депутаты;

        -Чолпонкулов М.Б.-айылдык Кеңештин депутаты;

       -Опобеков А.Б.-айылдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары;

      2. Комиссия ижара акысын тактап,акт түзүп,кийинки сессияга сунушталсын.

      3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары А.Б.Опобековго милдеттендирилсин.

 

 

Тɵрага

С.К. Жунусов