Редакцияот 06.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2015-жылдын 6-ноябры № 2                  

                                                                      

              Шекер айыл аймагынын Шекер айылындагы Т.Айтматов орто мектебинин терезелерин, эшиктерин жана “Күркүрөө” маданий үйүнүн терезелерин 2016-жылга карата жаңы пластикалык терезе, эшиктерге ооштуруу боюнча үлүштүк дем берүүчү грантка долбоор жазылып жаткандыгына байланыштуу Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. Шекер айылындагы Т.Айтматов орто мектебинин жана “Күркүрөө” маданий үйүнүн  терезе, эшиктерин ооштурууга өздүк салым катары 2016-жылга Шекер айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 493126 (төрт жүз токсон үч миң бир жүз жыйырма алты) сом бөлүнүп берүү жагы каралсын.

            2. Токтом аткаруу жагы шекер айыл Өкмөтүнүн башчысы С.Калыбековго милдеттендирилсин.

 

 

Тɵрага

С.К. Жунусов