Редакцияот 27.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы

 

2016-жылдын 27-июлу № 1         

           

                                                                            

          «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жɵнүндɵ» Мыйзамынын негизинде 12.07.2016-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринде болгон кеңешменин №11-17-протоколдук тапшырмасын жетекчилике алып Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1. «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жɵнүндɵ» Мыйзамынын негизинде 12.07.2016-жылы болгон Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринде болгон кеңешменин №11-17-протоколун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу мамлекеттик каттоо кызматы менен Шекер айыл ɵкмɵтүнүн ортосунда келишимдер түзүлсүн.

          2. Кара-Буура райондук мамлекеттик статистика бɵлүмү менен Шекер айыл ɵкмɵтүнүн ортосундагы түзүлгɵн келишим бекитилсин.

         3. Токтомду аткаруу жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы С.Калыбековго жүктɵлсүн.

 

 

Тɵрага

С.К. Жунусов