Редакцияот 26.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

 

2016-жылдын 26-ноябры № 1    

 

 

         Шекер айыл ѳкмѳтүнүн жер адис Жамакеев Алмаздын ѳз ишине кайдыгер карап, ѳз милдетин  мыйзам чегинде так аткара албагандгына байланыштуу Шекер айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1. Шекер айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Жамакеев Алмаз ѳз иш аткара албаганына байланыштуу, жумуш ордунан бошотуу жагы Шекер айыл ѳкмѳтүнүн башчысына сунушталсын.

        2. Шекер айылдык кеӊешинин депутатттары тарабынан түзүлгѳн комиссиясынын АКТсында кѳргѳзүлгѳн 68га мыйзамсыз ар ким тарабынан айдалган жерлердин ижара акысы орточо эсеп менен1500 (бир мин беш жүз сом) айыл ѳкмѳтүнүн кассасына кириштелсин.

        3. Токтомду аткаруу жагы Шекер айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Калыбековго жүктѳлсүн.

 

Тɵраганын орун басары

А.Б. Опобеков