Редакцияот 08.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы

 

2016-жылдын 25-ноябры № 2    

 

 

     Шекер айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүн  аныктоо боюнча  Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Шекер айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн аныктоо максатында, Шекер айылдык кеңешинин  депутаттарынын ичинен  убактылуу төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.

     - Комиссиянын төрагасы:        1. Сыдыгалиев Сүйүналы - бюджеттик комиссиянын орун басары.

     - Мүчөлөрү:

      2. Жумашалиев Эралы - туруктуу жер комиссиясынын төрагасы.

      3. Турусбеков Бакыт - жер комиссиясынын мүчөсү.

      4. Чолпонкулов Маматбек - жер комиссиясынын мүчөсү.

      5. Изаев Ашим - бюджеттик комиссиянын  төрагасы.

      6  Иманалиев Канат - бюджеттик комиссиясынын мүчөсү.

      7. Сексенбаев Талай - жер адисинин милдети жүктөлгөн адис.

    2. Түзүлгөн комиссияга кезектеги сессияга чейин тактап, маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

    3. Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.

 

Тɵрага

С. Жунусов