Редакцияот 26.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы

 

2016-жылдын 26-декабры № 3  

 

 

         Шекер айылдык аймагынын Шекер айылынын 2016-жылдын 26-декабрындагы жалпы элдик жыйынынын №8 протоколундагы кабыл алынган чечимдин негизинде Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Шекер айылынын жашоочуларынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жаңы кѳчѳлѳрдү таза суу менен камсыз кылуу керектүү жабдууларды алуу жана тиешелүү жумуштарды аткаруу үчүн “Талас облустук ѳнүктүрүү Фондусунан” жалпы сметалык баасы 2 048 614 (эки миллион кырк сегиз миң алты жүз он тѳрт) сом акча каражаты суралсын.

         2. Токтомду аткаруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Калыбековго милдеттендирилсин.

 

 

Тɵрага

С. Жунусов