Редакцияот 05.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык  кеӊештин V чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы

 

2016-жылдын 5-августу № 35                                                                           

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы  жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ

 

     

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери боюнча айыл аймагынын айылдык Кеӊештин укук тартибиби, мыйзамдуулукту сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э Ташмуратовдун маалыматын угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин (V чакырылышы) кезектеги  XXXXII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

          “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” №26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн алдында атайын координациялык кеӊеш түзүлүп анын иш чаралар пландары түзүлүп айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштердин бар экендиги белгиленсин.

         2. 2016-жыл ичинде аткаруу милдеттери берилди:

         - Болмолорго байкоочу видео камераларды орнотуу жана ишеним телефондорун илүү,

         - Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу,

         - Коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн коррупцияга  каршы программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жер жерлерде жарандардын  катышуусун активдештирүү,

         - Коррупциялык коркунучтар жана коррупциялык тажрыйбалар жогорку болгон зоналардын маалымат базасын түзүү жумуштары жандандырылсын.

         - Мектептерде жана балдар бакчаларында балдардан мыйзамсыз салык салып акча жыйноо кѳрүнүштѳрүнѳ жол берилбесин

        3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Борубаевге тапшырылсын. 

                  

                                      

   Тɵрага

 

К. Маркаев

           

 

2.