Редакцияот 25.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX сессиясынын (заседаниесинин)

 

2011-жылдын 25-апрели №XIX/1

Кара-Таш айылдык округунун кеңешинин аймагындагы жазгы талаа жумуштары жөнүндө

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кара-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы жазгы талаа жумуштары боюнча аткарылган иштер канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2.2011-жылдын түшүмү үчүн эгилген эгиндердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча көмөк көрсөтүү айылдык округдун айыл башчыларына жана тиешелүү адистерге тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин, айыл-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Депутаттардын Кара-Таш айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Н.Тажибаева