Редакцияот 23.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы

 

2016-жылдын 23-ноябры № 4

Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акылары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүн , Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жыл 29.06. № 1997-III токтому менен бекитилген мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарачы шарттары жана тартиби жөнундөгү типтүү жобону айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановдун сунуш катын негиздеп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн аймагындагы мамлекеттик фондун жерлери ижарага мыйзам чегинде берилсин.

2. Баштапкы ижара акыларынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

Орто-Азия айылында 1 га сугат жер 3500 сом

Бостон айылында 1 га сугат жер 3500 сом

Таштак айылында 1 га сугат жер 3500 сом

Кызыл-Сеңир айылында 1га сугат жер 4500 сом

Ак-Баш айылында 1 га сугат жер 3000-4500 сом

Жаңы-Ачы айылында 1 га сугат жер 3000-4500 сом

Жалпы аянттары 1 га сугат жер 500-600 сом

Кайракы жерлер 1 га жер 600 сом

Чөп орок жерлер 1 га жер 500 сом

Бак эгилген жер 1 га жер 3500 сом

3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин, мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмот башчысы А.Асановго тапшырылсын.

 

Төрайым

Т. Наримбетова