Редакцияот 09.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2017-жылдын 9-январы № 2

Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдору жөнүндө

Кыргыз Респуликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 26 беренесинин 1-пунктуна ылайык Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине таянып жана Жалал-Абад областынын            Юстиция башкармалыгынын 22.07.2013-жылдагы №342/03-7 сунушу жөнүндөгү айылдык Кеңешинин катчысы Эсенбекованын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VI I чакырылышынын I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сессияда угулган жана талкууланган маалыматтар эске алынсын.

2. ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү” органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү Жобосуна ылайык Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

3. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтомду мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Эсенбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

О. Көксариев