Редакцияот 25.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык округунун кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII заседаниеси

 

2011-жылдын 25-марты № 18/1

Ленин айылдык округунун 2010-жылдагы социалдык - экономикалык болжолдуу планынын аткарылышы жана 2011-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу планы жөнүндө

Ленин айылдык округунун 2010-жылдагы социалдык-экономикалык болжолдуу планынын аткарылышы жана 2011-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн болжолдуу планы боюнча Ленин айылдык башчысы А.Салиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айылдык округунун 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ленин айылдык округунун башчысы А.Салиевдин билдирүүсү эске алынсын.

2. Ленин айылдык округунун 2011-жылга болжолдуу иш-планы бекиттилсин.

3. Социалдык-экономикалык болжолдуу иш-пландардын аткарылышын уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айылдык округунун аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ленин айылдык башчысы А.Салиевке милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык округунун

Кеңешинин төрагасы

 

Н.Матанов.