Редакцияот 25.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII заседаниесинин

 

2011-жылдын 25-марты №18/4

Ленин айылдык округунун 2011-2012-2013-жылдарга айылдык округунун  өнүгүүнүн планын бекитүү жөнүндө

Ленин айылдык округунун 2011-2012-2013-жылдарга айылдык округунун өнүгүүнүн планынын долбоору боюнча С.Рамановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ленин айылдык округунун 2011-2012-2013-жылдарга айылдык округунун өнүгүү планы бекитилсин.

2. Ленин айылдык округунун 2011-2012-2013-жылдарга айылдык округунун өнүгүүнүн планынын аткарылышы боюнча планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон уюштуручулук иштерин жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү алардын аткарылышын камсыз кылуу айылдык округунун аппарат кызматкерлерине жанаайылдык округундагы менчигинин түрүнө карабастан баардык мекеме-уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык округунун Кеңешинин төрагасы Н.Матановко тапшырылсын.

 

Ленин айылдык округунун

Кеңешинин төрагасы

 

Н.Матанов