Редакцияот 25.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII заседаниесинин

 

2011-жылдын 25-марты №18/7

«Кызыр-Конгон» жардам фондусунун төрайымы М.Жунусованын билдирүүсү жөнүндө

«Кызыр-Конгон» жардам фондусунун төрайымы М.Жунусованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ленин айылдык округунун «Кызыр-Конгон» жардам фондусунан ИСКАКБбашкармалыгынан суу пайдалануучулардын 5 % төлөмдөрү үчүн 2010-жылдын 22-апрелиндеги № 3.3 токтомунун негизинде алынган 27 миң сом акчаны 2011-жылдын 1-октябрына чейин кайтарып берүү Ж.Карабаевке милдеттендирилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Ленин айылдык округунун

Кеңешинин төрагасы

 

Н.Матанов