Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он Эки Бел айылдык Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын онэкинчи кезексиз сессиясы
2011-жылдын 1-апрели № 12 / 4
2011-жылга суу пайдалануучулар үчүн тарифтин өлчөмүн жана "Нарай-Суу " ИСКАКБсынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибине коюлган төртүнчү маселени . Он Эки Бел айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга суу пайдалануучулар үчүн , тарифтин өлчөмү көчөдөгү кудуктан суу ичкендер үчүн 10 сомдон , короодогу кудуктарда суу ичкендер үчүн 20 сомдон болуп бекитилсин .
2. Айыл округунун аймагындагы ишкана-мекемелер, коммерциялык ишканалар түзүлгөн келишимге ылайык , же болбосо суу өлчөгүч прибор аркылуу өткөн суунун көлөмүнө куб метр эсептелинип тариф төлөшсүн .
3. "Нарай-Суу " ИСКАКБсынын 2011 -жылга бюджета баардыгы болуп чыгаша, киреше бөлүктөрү болуп 641454 сом тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет) .
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын ишке ашыруу ИСКАКБнын текшерүү комиссиясына тапшырылсын .
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы
|
М.Мойдинов
|