Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1998-жылдын 5-марты N 15
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын, 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын, 2004-жылдын 1-июлундагы N 81 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга, ошондой эле пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жарамсыз граждандарга Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан гарантияланган материалдык жактан колдоо көрсөтүүнү белгилейт.
Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик жардам республиканын калкынын эң аз камсыз болгон катмарларын даректүү социалдык коргоого багытталат.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Мамлекеттик пособиелер жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү мыйзамдар ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөп берүү маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
Мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөп берүү маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.
2-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулуучу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, үй-бүлөсү муктаж шарттагы Кыргыз Республикасынын граждандарына, ошондой эле "Мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жарамсыз граждандарга карата колдонулат.
3-статья. Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Мамлекеттик пособие - аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие.
Эмгекке жарамсыз граждандар - он алты жашка чыга элек балдар, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган граждандар, пенсия курагына жеткен граждандар.
Жыйынды киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (пенсиялар, стипендиялар, пособиелер, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы.
Жан башына туура келүүчү орточо жыйынды киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси.
Аз камсыз үй-бүлө - ар бир үй-бүлө мүчөсүнө карата алган кирешеси керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен аз болгон үй-бүлө.
Муктаждыкты аныктоо - ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиени дайындоо үчүн зарыл болгон, үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө.
Ай - календарлык ай.
Жыл - 12 айлык мезгил.
Үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлө курамына туугандык мамилелери жагынан байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар киргизилет.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли
Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү, эң төмөнкү керектөө бюджетин эске алуу менен бюджетке жана экономиканын абалына жараша эсептелүүчү, дотация аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана граждандардын жашоо үчүн зарыл болгон деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берүүчү социалдык стандарт.
Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн жыл сайын кайра кароодо ал бара-бара эң төмөнкү керектөө бюджетинин жылдык орточо өлчөмүнө жакындоого тийиш.
Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлине чейин граждандарга дотация берүүнүн өлчөмү белгиленген социалдык стандарт менен жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешенин ортосундагы айырма катары аныкталат.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Мамлекеттик пособиелердин түрлөрү
Ушул Мыйзамда мамлекеттик пособиелердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие.
2. Ай сайын берилүүчү социалдык пособие.
6-статья. Мамлекеттик пособиелерди каржылоо
Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик пособиелерди каржылоо, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
II глава Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие
7-статья. Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие алууга укуктуу адамдар
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие алууга аз камсыз үй-бүлөлөр жана төмөнкү граждандар:
а) жашы он алтыга жете элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары-окуусун бүткөнгө чейин;
б) жыйырма бир жашка чейинки баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттери (сырттан, кечки бөлүмдө же контракт боюнча окугандардан бөлөктөр);
в) (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
г) эмгекке жарамсыз граждандар укуктуу.
Эмгекке жарамдуу ата-энеси (майыптарды баккан атадан же энеден бөлөк) иштебеген жана калкты ишке орноштуруу кызмат органдарында белгиленген тартипте катталбаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиеге укугу жок. Толук мамлекеттик камсыздоодо турган эмгекке жарамсыз граждандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие дайындалбайт.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиенин өлчөмү
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешеси, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө карата алганда керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен ашпаган шартта дайындалат.
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
а) он алты жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин) - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин ортосундагы айырмасындагы өлчөмдө пособие;
- бала төрөлгөндө - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 300% өлчөмүндө бир жолку берилүүчү пособие;
- эгиздерге - үч жашка чыкканга чейин ар бирине керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процент өлчөмүндө пособие;
- үч жана андан көп эмге - ар бири он алты жашка жеткенге чейин керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 150% өлчөмүндө пособие;
- 1,5 жашка чейинки балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процентинин өлчөмүндө пособие;
б) жыйырма бир жашка чейинки баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттерине - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;
в) иштебеген пенсионерлерге - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;
г) эмгекке жарамсыз граждандарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие дайындалат.
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие(бала төрөлгөндөгү бир жолу берилүүчү пособиеден бөлөк), бирдиктүү ай сайын пособие алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын эсепке алуу менен үй-бүлөгө жалпы өлчөмдө дайындалат.
Үй-бүлөлүк бюджети бөлөк бир канча үй-бүлө чогуу жашаган учурда, ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу кирешелер
Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү:
- граждандардын негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы жана стипендия түрүндөгү кирешелери, ошондой эле пенсиялар;
- граждандардын негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары) боюнча эмес кирешелери;
- граждандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алынган кирешелери;
- граждандардын, фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун пайдалануудан алган кирешелери;
- граждандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери кирет.
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо үчүн жыйынды кирешени аныктоонун тартиби жана айыл чарба ишинен алынуучу кирешелердин ченемдиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)