Редакцияот 604536
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын «Кыргызстан» айылдык округунун айыл кеңешинин XVIII сессиясы

 

2011-жылдын 24-майы №114

Кыргызстан айыл округунун 2011-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү Кыргызстан айыл округунун айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясында алдын ала талкууланган. Кыргызстан айыл округунун 2010-жылга бюджеттин долбоорун карап чыгып, долбоор боюнча финансы болумунун башчысы К. Тыналиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан айыл округунун 2011-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 7315,8 сом жана чыгаша бөлүгүн 7315,8 сомго бекитилсин.

2. Кыргызстан айыл округунда жайгашкан мекеме уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү Кыргызстан айыл кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен жүргүзүлсүн жана аткаруу жагы айыл округунун ФЭБ башчысы К.Тыналиевага жүктөлсүн.

3. Жыл ичинде бюджеттин киреше бөлүмүнө кошумча акча каражаттары түшкөн учурда, аны чыгаша жасоодо айыл кеңешинин депутаттарынын чечими менен жүргүзүлсүн.

4. Кабыл алынган бюджеттеги сметадан тышкары ашыкча чыгаша кылууга жана максатсыз колдонууга тыюу салынсын.

5. Бюджеттеги бөлүштүрүлгөн акча каражаты айыл Кеңешинин макулдугу жок максатсыз пайдаланган учурда укук коргоо органдарына иш чара көрүүгө жөнөтүлсүн.

6. Кыргызстан айылдык округунун бюджетинен 1000 ( мин) сомдон 5000 (беш мин) сомго чейинки сметада каралбаган акча каражаты айыл Кеңешинин төрагасынын бюджеттик комиссиясынын макулдугу менен ал эми 5000 ( беш мин) сомдон ашыгы сессиянын чечими менен каралсын.

7. 2011-жылга каралган Жергиликтүү бюджеттин так аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу А.Батырбековага жүктөлсүн.

 

Кыргызстан айылдык

кеӊешинин төрайымы

 

Ч.Абдрахманова